Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү
Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи.
Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда жана кайра иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.
“Берекелүү Чүй өрөөнү быйыл республика боюнча жалпы өндүрүштүн басымдуу үлүшүн берди. Мына быйыл Турукташтыруу фондунан Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү. Ал каражатка облустун аймагында жаңы социалдык объектилер курулуп, өндүрүш ишканалары ачылды” – деп билдирди президент.
Анын айтымында, Чүй облусунун экономикалык өнүгүүсүн маданий демилгелер менен айкалыштыруу пландалып жатат. Алардын катарында Түлөберди баатырга арналган илимий иш-чара өткөрүү, Токмок шаарындагы жетим балдар үйүн калыбына келтирип, маданий-билим берүү жайына айлантуу жана Сүймөнкул Чокморовдун Чоң-Таштагы үйүн үй-музей кылуу демилгелери бар.
Президенттин айтымында, облустун мындан аркы өнүгүүсү мамлекеттик колдоо менен катар ар бир жарандын салымына да байланыштуу.


