ИИМ президенттин тууганын кармады
Ички иштер министрлиги президенттин тууганы Улан Жапаровду кармады. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар жазып чыкты.
Алдын ала маалыматка ылайык, кармалган жаран Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу экенин жазууда.
Ошондой эле Бишкектин Биринчи май райондук соту Ж. У. Р. аттуу жаран кармалып, ага 26-июлга чейин камакка алуу баш коргоо чарасы колдонулганын айтты. Инициалдар Жапаров Улан Ракымжановичтин ысымына туура келип жатат.
32 жаштагы Улан Жапаров ачык булактардагы маалымат боюнча Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.