Минкабдын кезектеги жыйыны өттү – аткаминерлер 15 маселени талкуулашты

Минкабдын кезектеги жыйыны өттү – аткаминерлер 15 маселени талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында Министрлер Кабинетинин кезектеги отуруму болуп, жыйындын күн тартибинде 15 маселе каралды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Негизгилерине токтоло турган болсок, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын «Сандалаш» участогунун түндүк-чыгышында жайгашкан жалпы аянты 19 396 га жерди «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясынан «Запастагы жерлер» категориясына которулду.

Министрлер кабинетинин дагы бир чечими менен «КРнын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө» өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Бул токтом жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашырууну жакшыртуу максатын көздөйт.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКнын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөгөн чечим кабыл алынды.

Акылбек Жапаров жыйындын соңунда кабинет мүчөлөрүнө буга чейин бекитилген ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбестен, жаңы идеялар, жаңы чечимдер менен токтом долбоорлорун сунуштоого чакырды. Акылбек Жапаров ошондой эле жумуш сапар менен чет мамлекеттерге чыгып келгенден кийинки отчеттуулук жогорку деңгээлде болушун баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин кийинки отуруму 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө болот жана анда мамлекеттик ведомстволордун аткарган ишмердүүлүгүн кароо боюнча дагы маанилүү маселелер коюлат.

Мындан тышкары окуңуз

Аламүдүндө мыйзамсыз курулуштарга карата рейд өткөрүлдү

Аламүдүндө мыйзамсыз курулуштарга карата рейд өткөрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгынын  “Жер маселелери” бөлүмүнүн адистери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте Аламүдүн районундагы Достук, Сыдыков жана Чокморов айыл аймактарында рейддик иш-чараларды өткөрдү. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей,

Кыргызстанда Доре алтын куймасы алгач ирет кайра иштетилди

Кыргызстанда Доре алтын куймасы алгач ирет кайра иштетилди

«Кыргызалтын» ААК Монголиянын Борбордук банкы тарабынан жөнөтүлгөн Доре куймасы түрүндөгү алтын камтыган чийки затты өлкө аймагында кайра иштетүү боюнча биргелешкен долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды. Компаниянын маалыматына ылайык, бул — Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында чет элдик Доре куймасын өлкө ичинде кайра иштетүүнүн биринчи учуру болуп, баалуу металлдар тармагындагы кыргыз-монгол кызматташтыгынын жаңы баскычы

Төрөбаев дүйнөлүк корпорацияларды экономикалык кызматташтыкка чакырды

Төрөбаев дүйнөлүк корпорацияларды экономикалык кызматташтыкка чакырды

16-июнда Кытайдын Циндао шаарында өткөн трансулуттук корпорациялардын лидерлеринин VII саммитине президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев катышып, сөз сүйлөдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, саммитке алдыңкы эл аралык компаниялардын жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык

Октябрь районунун мурдагы акими жаңы кызматка дайындалды

Октябрь районунун мурдагы акими жаңы кызматка дайындалды

Жаныбек Орозалиев Бишкек шаардык билим берүү департаментинин жетекчиси болуп дайындалды. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тиешелүү буйрукка баш калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койгон. Мурда бул кызматты Рахат Мусаева аткарып келген. Жаныбек Орозалиев Октябрь районунун акиминин милдетин аткарган. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер