Кыргызстанда Доре алтын куймасы алгач ирет кайра иштетилди

Кыргызстанда Доре алтын куймасы алгач ирет кайра иштетилди

«Кыргызалтын» ААК Монголиянын Борбордук банкы тарабынан жөнөтүлгөн Доре куймасы түрүндөгү алтын камтыган чийки затты өлкө аймагында кайра иштетүү боюнча биргелешкен долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды.

Компаниянын маалыматына ылайык, бул — Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында чет элдик Доре куймасын өлкө ичинде кайра иштетүүнүн биринчи учуру болуп, баалуу металлдар тармагындагы кыргыз-монгол кызматташтыгынын жаңы баскычы катары бааланууда.

Долбоордун алкагында “Кыргызалтын” заманбап технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, 999,9 сапаттагы жогорку тазалыктагы алтын өндүрүлүп, дүйнөлүк рынокто сатуу ишке ашырылды. Жалпы түшкөн каражат 12 млн доллардан ашты.

Ишкана эл аралык LBMA ("Good Delivery") аккредитациясына ээ болуп, өндүрүштүк жана лабораториялык стандарттары дүйнөлүк талаптарга шайкеш экенин дагы бир жолу тастыктады. Бул “Кыргызалтынга” чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштешүүгө жана баалуу металлдарды эл аралык рынокто сатууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда

Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Баткен облусунун Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда. Долбоор аяктаса, 5 миңден ашуун тургун таза жана коопсуз суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Айыл чаба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" программасынын алкагында ишке ашууда. Учурдагы

Ишкер Media
Бишкекте 5 автобус каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкекте 5 автобус каттамы убактылуу өзгөрөт

Бүгүндөн тарта Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу транспорт кыймылы чектелет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Билдрирүүгө караганда, ага байланыштуу №6, 36 жана 169-автобустар Гагарин көчөсү аркылуу жүрүп, №4 шаардык ооруканага кирбей өтөт. Ошондой эле №23 жана 18-автобустардын схемасы өзгөрөт. Борбор калаанын мэриясы шаар

Ишкер Media
ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты курууда келтирилген зыян үчүн компенсациянын көлөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Парламенттин маалыматына караганда, аталган мыйзам долбоорун ЖКнын Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети 20-октябрдагы жыйынында карап,

Ишкер Media
Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды

Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн командири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт. Маалым болгондой, УКМК менен Аскер прокуратурасы биргеликте Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири И.А.нын жеке үйүнүн курулушуна өзүнө баш ийген келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин системалуу

Ишкер Media