Аламүдүндө мыйзамсыз курулуштарга карата рейд өткөрүлдү

Аламүдүндө мыйзамсыз курулуштарга карата рейд өткөрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгынын  “Жер маселелери” бөлүмүнүн адистери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте Аламүдүн районундагы Достук, Сыдыков жана Чокморов айыл аймактарында рейддик иш-чараларды өткөрдү.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын максаты – мыйзамсыз курулган объектилерди аныктоо жана ирээтке келтирүү, ошондой эле дизайн-код талаптарын калк арасында жайылтуу жана алардын аткарылышын камсыз кылуу.

Рейд учурунда мыйзамсыз деп аныкталган объектилердин ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талаптарын сактоо, мыйзамсыз курулуштарды өз ыктыяры менен алып салуу жана соода түйүндөрүнүн сырткы кнүшүн дизайн-кодго ылайык келтирүү боюнча сунуштар жана тапшырмалар берилди.

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы калктуу конуштарда шаар куруу жана архитектуралык талаптардын сакталышын күчөтүү жана заманбап шаардык чөйрөнү калыптандыруу боюнча иштерди мындан ары да үзгүлтүксүз улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500