Садыр Жапаров Сауд Арабиядагы саммитине чакыруу алды

Садыр Жапаров Сауд Арабиядагы саммитине чакыруу алды

Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради Садыр Жапаровго 19-июлда Жидда шаарында өтө турган Булуңдагы араб мамлекеттери жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин саммитине катышуу үчүн чакыруу катын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Ибрахим бин Ради Аль-Радини кабыл алды. Эки тараптуу кызматташтыктын өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелери тууралуу пикир алмашуу болду.

Президент мындан ары эки тараптуу өз ара аракеттенүү жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү үчүн колдо болгон чоң потенциалга өзгөчө басым жасады.

Ошондой эле мамлекет башчысы туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, тактап айтканда жакынкы арада эки өлкө ортосунда түз үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачууну канааттануу менен белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Жер титирөөгө байланыштуу социалдык объектилердин техникалык абалы текшерилди

Жер титирөөгө байланыштуу социалдык объектилердин техникалык абалы текшерилди

29-майда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча саат 14:15те Жалал-Абад аймагында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Сары-Булак айылынан 10 чакырым, ал эми Казарман айылынан 27 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мындан улам Курулуш, архитектура жана

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

29-майда "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын жылдык жалпы жыйыны өтүп, коомдун башкаруу органдарынын жаңы курамы бекитилди. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйындын жыйынтыгында Манасбек Самидинов кайрадан башкармалыктын төрагасы болуп шайланды. Ошондой эле башкармалыктын жана директорлор кеңешинин жаңыланган курамы бекитилди. Директорлор кеңешинин төрагалыгына Мирлан Конурбаев шайланды. Мындан

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

30-майда Ош шаарында “Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын” жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы алдыдагы сууга түшүү сезонуна даярдык көрүү алкагында Пионер көлүн калыбына келтирүү жана ага чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүү иштерин баштады. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө объектте 8 даана атайын техника тартылган: 3 экскаватор жана 5 HOWO үлгүсүндөгү оор жүк