Акылбек Жапаров өзбекстандык жана тажикстандык губернаторлор менен жолукту

Акылбек Жапаров өзбекстандык жана тажикстандык губернаторлор менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Раджабба Ахмадзода жана Өзбекстандын Фергана облусунун хокими Хайрулло Бозаров менен жолугушту. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, кыргыз тараптын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык спектри боюнча ачык жана мазмундуу сүйлөшүүгө даярдыгы айтылды.

Кыргызстан чектеш бир тууган мамлекеттер – Тажикстан жана Өзбекстан менен достук, жакшы коңшулук жана өз ара түшүнүшүү маанайында кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берери белгиленди.

Министрлер Кабинетинин башчысы кыргыз, тажик жана өзбек элдеринин салттуу жана көп кылымдык достугунун негизинде биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык мындан ары да прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгө берерине ишеним билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Көлдүн мэри жана Аксынын акими кызматтан бошотулду

Кара-Көлдүн мэри жана Аксынын акими кызматтан бошотулду

Эдилбек Тажимырзаев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Тажимырзаевдин ордуна Азамат Турдубеков Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды. Максатбек Саргазаков Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими кызматынан бошотулду. Аксынын акими болуп Азамат Намазалиев дайындалды.

Кыргызстандын коммерциялык банктарында кадрдык дайындоолор болду

Кыргызстандын коммерциялык банктарында кадрдык дайындоолор болду

Улуттук банк 16-июнда бир катар коммерциялык банктардагы жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлерге макулдук берүү боюнча чечимдерди кабыл алган. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты. Билдирүүгө ылайык,  "Алма Финанс Банк" ЖАКтын ички аудит департаментинин директору кызматына - Гульнара Эсеналиеванын талапкерлиги, "Финанс Кредит Банк" ААКтын башкармасынын төрагасынын орун басары кызматына

“Келечек” эл аралык  стипендиясын түзүү демилгеленди

“Келечек” эл аралык стипендиясын түзүү демилгеленди

Кыргызстанда маданият, искусство жана көркөм билим берүү тармагындагы адистерди даярдоо үчүн “Келечек” эл аралык мамлекеттик стипендиясын түзүү демилгеленүүдө. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Жобого ылайык, стипендия музыкалык, театралдык, хореографиялык, көркөм сүрөт, кино өнөрү, музей иши, реставрация, маданият

Талас: "Адис Нан" ишканасынын каржылоо жана өнүктүрүү талкууланды

Талас: "Адис Нан" ишканасынын каржылоо жана өнүктүрүү талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Талас облусунда "100 өнөр жай ишканасы – 2026" тизмесине кирген ишканаларды кыдыруунун алкагында Манас районундагы "Адис Нан" ЖЧКсында болуп, долбоордун учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Министрликтин басма