Кыргызстандын коммерциялык банктарында кадрдык дайындоолор болду

Кыргызстандын коммерциялык банктарында кадрдык дайындоолор болду

Улуттук банк 16-июнда бир катар коммерциялык банктардагы жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлерге макулдук берүү боюнча чечимдерди кабыл алган. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык,  "Алма Финанс Банк" ЖАКтын ички аудит департаментинин директору кызматына - Гульнара Эсеналиеванын талапкерлиги, "Финанс Кредит Банк" ААКтын башкармасынын төрагасынын орун басары кызматына - Мирбек Тойчуевдин талапкерлиги жактырылды. Ошондой эле "Оптима Банк" ААКтын ички аудит департаментинин директору кызматына - Улан Ражаповдун талапкерлиги жана "О!Банк" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызматына - Алия Чыныбаеванын талапкерлиги жактырылган.

Тиешелүү чечимдер Улуттук банктын банк секторундагы жетекчилик кызматтарга талапкерлерди макулдашуу боюнча жүргүзүлгөн кароосунун жыйынтыгында кабыл алынды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт

Дүйнөлүк банктан айылдарды өнүктүрүүгө 20 млн доллар тартылат

Алдыда электр энергиясын экспортко чыгаруу пландалууда