Талас: "Адис Нан" ишканасынын каржылоо жана өнүктүрүү талкууланды

Талас: "Адис Нан" ишканасынын каржылоо жана өнүктүрүү талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Талас облусунда "100 өнөр жай ишканасы – 2026" тизмесине кирген ишканаларды кыдыруунун алкагында Манас районундагы "Адис Нан" ЖЧКсында болуп, долбоордун учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеге президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М. Байжигитов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тармактык мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жана финансы институттарынын өкүлдөрү катышты.

"Адис Нан" ЖЧКсы Кызыл-Жылдыз айылында нан жана ундан жасалган азыктарды өндүрөт. Долбоордун алкагында 90 жумуш ордун түзүү каралса, учурда анын 20га жакыны ачылган. Бүгүнкү күндө өндүрүштүк комплекстин курулушу толугу менен аяктап, үч өндүрүштүк цех пайдаланууга берилген.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 2,5 тоннага чейин унду кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет. Учурда чыгарылган өндүрүмдөр Манас районунда жана Талас облусунун аймагында сатылууда.

Жолугушууда долбоорду кошумча каржылоо жана ишкананы толук кубаттуулукта иштетүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media