Катардын эмири Кыргызстанга иш сапары менен келет

Катардын эмири Кыргызстанга иш сапары менен келет

КРнын президенти Садыр Жапаров, 19-июлда, Жидда шаарында (Сауд Арабия Падышалыгы) Катар мамлекетинин эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, аймактык өз ара аракеттенүүнүн келечегин, ошондой эле Катар Эмиринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын, өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда биргелешкен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө даярдыгын жана кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Катардын Эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани Кыргызстанга Катардан конкреттүү тармактарда кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтей турган эксперттик-инвестициялык топ жөнөтүлөрүн билдирди.  

Мындан тышкары, Тамим ибн Хамад Аль Тани Садыр Жапаровду Катарга сапар менен келип кетүүгө чакырды.  Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Катар элдеринин жыргалчылыгы үчүн өлкөлөр ортосундагы биргелешкен кызматташтыкты арттыруу үчүн активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек –Кант унаа жолуна барып, жолдун учурдагы абалы жана транспорт агымы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрге тиешелүү кызматтар тарабынан маалымат берилип, жол кыймылынын коопсуздугун

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

24-июндан тарта Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук жол түйүнүн жана көпүрөнү куруу иштеринин экинчи этабынын алкагында аталган кесилиш унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун биринчи этабында Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин Бакаев көчөсүн улап ачуу

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ош шаарында коомдук транспорттун каттамдык багыттарын кайра кароо боюнча комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев төрагалык кылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жыйында шаар чоңоюп, калктын саны көбөйүп жатканы айтылды. Жаңы конуштар, жаңы көчөлөр пайда болду, жолдор өзгөрдү. Борбордук базар жаңы

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан шаар четиндеги жана шаар аралык автобус каттамдарында “Бакай Банк” ЖАКтын QR-коддору аркылуу накталай эмес жол кире төлөө системасы пилоттук режимде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда жаңы төлөм системасын этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында программалык камсыздоо,