Динара Кутманова кармалды – экс-министр мамлекеттик акчаларды мыйзамсыз чыгарып кеткен

Динара Кутманова кармалды – экс-министр мамлекеттик акчаларды мыйзамсыз чыгарып кеткен

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы министри Динара Кутманова кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди

Тергөөнүн жүрүшүндө, чогултулган далилдердин, анын ичинде коррупциялык схемалардын башка катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде, ошондой эле экс-министрдин жана башка айыпталуучулардын катышуусунда беттештирүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды.

Кутманова, Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматында ага берилген бардык ыйгарым укуктарга ээ болуу менен, ага жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан берилген ишенимге карабастан, өзүнүн жеке амбициясы үчүн жана жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурган.

Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын (уулу жана карындашы), жакын чөйрөсүн (үй кызматкери, уулунун досу ж.б.) тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган.

Эскерте кетсек, 3 жылдын ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 миллион 568 миң сомду түзүп, анын 180 миллиону Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин муктаждыктары үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн, ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген.

Ошондой эле, каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө Д.А.Кутманова тарабынан Комиссиянын жыйналышын алардын катышуусуз формалдуу өткөрүү үчүн кысым көрсөтүү фактысы тастыкталды.  

Жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында 9 адам айыпталуучу катары тартылып, Д.А.Кутманованын уулу учурда эл аралык издөөдө жана аны Түркиядан депортациялоо чаралары көрүлүүдө. Кутманова Д.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда КР УКМК башка ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын кызматкерлеринин айлыгы көбөйдү

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын кызматкерлеринин айлыгы көбөйдү

2026-жылдын апрель айынан тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын тутумундагы кызматкерлердин эмгек акысы орточо 100%  жогорулатылды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, эмгек акыны жогорулатуу президенттин жарлыгына ылайык ишке ашырылды. Буга чейин дарыгер-эксперттер орточо 14 миң сом, ал эми МСЭКтин төрагалары орточо 25 миң сом айлык алышса,

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды

Кара-Кулжанын Алайкуу аймагындагы унаа жолдору тазалоо иштеринен кийин бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Терек – Чаты – Терек автожолунун 10-чакырымына чейинки аралыкка сел түшүп, жол убактылуу жабылган. Учурда жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында жол бир тараптуу кыймыл үчүн ачылды. Мырза-Аке – Кара-

“Бала ырысы” жөлөк пулуна бир күндө 13 782 арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөк пулуна бир күндө 13 782 арыз кабыл алынды

1-июлдан тартып Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Түндүк” ААК менен биргеликте үч жашка чейинки балдарга берилүүчү мамлекеттик “Бала ырысы” жөлөк пулуна Кыргызстандын жарандарынын арыздарын кабыл алууну баштады. Алгачкы күндө эле “Бала ырысы” жөлөк пулуна жалпысынан 14 318 арыз келип түштү. Анын ичинен 13 782 арыз мамлекеттик жөлөк пул

Бишкекте шектүүнүн көрсөтмөсүнөн кийин 1,5 килограммдан ашык маңзат табылды

Бишкекте шектүүнүн көрсөтмөсүнөн кийин 1,5 килограммдан ашык маңзат табылды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 20 жаштагы жигитти маңзаттарды таратууга шектүү катары кармады. ИИМдин маалыматына ылайык, 2006-жылы туулган Ж.С.Г. аттуу шектүү жаран Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды жашыруун жайлар аркылуу таратуу менен алектенип жүргөн. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү мурда даярдалган жашыруун жайларды көрсөтүп берген. Натыйжада жалпы