Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды
Кара-Кулжанын Алайкуу аймагындагы унаа жолдору тазалоо иштеринен кийин бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Терек – Чаты – Терек автожолунун 10-чакырымына чейинки аралыкка сел түшүп, жол убактылуу жабылган. Учурда жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында жол бир тараптуу кыймыл үчүн ачылды.
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 107–115-чакырым аралыгына түшкөн селдин кесепеттери жоюлуп, аталган тилкеде да бир тараптуу каттам ачылды.Учурда жолдорду кеңейтүү жана калыбына келтирүү иштери улантылууда.