Президент Садыр Жапаров Оштун стадионун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Оштун  стадионун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадионду капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Объектти капиталдык реконструкциялоо биринчи жолу жүргүзүлүп жатат жана ал 2023-жылдын май айында башталган.

Президент Садыр Жапаров кошумча каражат бөлүп, жакын арада стадионду толук реконструкциялап, бүтүрүүнү тапшырды.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы спорт объектисин модернизациялоо боюнча иш-чаралар улантылышы керектигин, келечекте жабык конструкция долбоорун иштеп чыгуу, ошондой эле стадион заманбап көп функционалдуу спорт комплексинин талаптарына шайкеш келиши үчүн чуркоо жолдорунун абалын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын стадионунда эл аралык футбол оюндары жана шаардыктар үчүн ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп турат. Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында ыңгайлуу шарттарды жакшыртуу үчүн стадиондо 11 миң орундук жаңыланып, Азия футбол конфедерациясынын талаптарына ылайык, футболчулар үчүн кийим алмаштыруучу жайлар жана душ бөлмөлөрү капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Жер титирөөгө байланыштуу социалдык объектилердин техникалык абалы текшерилди

Жер титирөөгө байланыштуу социалдык объектилердин техникалык абалы текшерилди

29-майда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча саат 14:15те Жалал-Абад аймагында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Сары-Булак айылынан 10 чакырым, ал эми Казарман айылынан 27 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мындан улам Курулуш, архитектура жана

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

29-майда "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын жылдык жалпы жыйыны өтүп, коомдун башкаруу органдарынын жаңы курамы бекитилди. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйындын жыйынтыгында Манасбек Самидинов кайрадан башкармалыктын төрагасы болуп шайланды. Ошондой эле башкармалыктын жана директорлор кеңешинин жаңыланган курамы бекитилди. Директорлор кеңешинин төрагалыгына Мирлан Конурбаев шайланды. Мындан

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

30-майда Ош шаарында “Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын” жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы алдыдагы сууга түшүү сезонуна даярдык көрүү алкагында Пионер көлүн калыбына келтирүү жана ага чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүү иштерин баштады. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө объектте 8 даана атайын техника тартылган: 3 экскаватор жана 5 HOWO үлгүсүндөгү оор жүк