Энергетика министри «Бишкекжылуулуктармагынын» күз-кыш мезгилине даярдык иштери менен таанышты

Энергетика министри «Бишкекжылуулуктармагынын» күз-кыш мезгилине даярдык иштери менен таанышты

2023-жылдын 31-июлунда энергетика министри Таалайбек Ибраев «Бишкекжылуулуктармагынын» 2023-2024-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жумуштарынын алкагында жылуулук тармактардын реконструкциялоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу министрлик кабарлады.

Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун алкагында капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан 7-Апрель көчөсүндөгү жылуулук тармагынын бөлүгүнө барды.

Учурда, реконструкциялоонун оорчунду жумуштары бүткөрүлдү. Пенополиуретан менен жылууланган түтүктөрдүн биринчи партиясы келди, лотоктор коюлду. Бүгүнкү кундө түтүктөр орнотулууда.

Долбоордун алкагында диаметри 700 мм түтүктөр 900 мм түтүктөргө алмаштырылууда, жалпы узундугу 1070 метр.

Долбоорду China Road and Bridge Corporation, Shandong Junhui Construction Group Co жана «Технотоп» ЖЧК консорциуму ишке ашырат.

Жаңы жылуулук тармагы бир нече этап менен ишке ашырылат. Жылуулук механикалык бөлүгү 2023-жылдын 30-сентябрына чейин бүткөрүлөт, ал эми долбоор боюнча иштер 2023-жылдын декабрында аягына чыгарылат.

Мындан тышкары окуңуз

Бюрократиядан арылууга багытталган жыйын өткөрүлдү

Бюрократиядан арылууга багытталган жыйын өткөрүлдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Президенттин Жарлыгынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылууга багытталган мекемелер аралык комиссиянын онунчу отуруму өттү. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйында бюрократиядан арылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы каралып, жаңы демилгелер талкууланды. МинКаб Төрагасы Президенттин ти

Такси айдоочулары лицензияны эми онлайн алышат

Такси айдоочулары лицензияны эми онлайн алышат

Жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча санариптик система ишке кирди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми такси айдоочулары жана юридикалык жактар лицензия алуу үчүн арыздарды “МБанк”, “Элдик” жана “Түндүк” мобилдик тиркемелери аркылуу онлайн тапшыра алышат. “Лицензия алуу үчүн тиркемеде идентификациядан өтүп, электрондук арызды толтуруп жана

Көпчүлүк билбеген кесип: Бишкектеги энерджайзердин бир күнү кандай өтөт?

Көпчүлүк билбеген кесип: Бишкектеги энерджайзердин бир күнү кандай өтөт?

Бишкектин көчөлөрүндө электросамокаттарды минип шашып бараткан адамдарды күн сайын көрөбүз. Бирок ошол самокаттар дайыма кубатталып, колдонууга даяр турушу үчүн кимдер эмгектенип жатканын көпчүлүк биле бербейт. 20 жаштагы Денис 2,5 жылдан бери энерджайзер болуп иштейт. Анын жумушу – шаар боюнча самокаттардын аккумуляторлорун алмаштырып, кубаттап, алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо. Ал бизге энерджайзердин

Ошто дагы бир көчө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Ошто дагы бир көчө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

15-июнда Ош шаарында Абакир уулу Төрөбек көчөсү салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, калаа башчысы аталган көчөдө жайгашкан