Көпчүлүк билбеген кесип: Бишкектеги энерджайзердин бир күнү кандай өтөт?

Көпчүлүк билбеген кесип: Бишкектеги энерджайзердин бир күнү кандай өтөт?

Бишкектин көчөлөрүндө электросамокаттарды минип шашып бараткан адамдарды күн сайын көрөбүз. Бирок ошол самокаттар дайыма кубатталып, колдонууга даяр турушу үчүн кимдер эмгектенип жатканын көпчүлүк биле бербейт. 20 жаштагы Денис 2,5 жылдан бери энерджайзер болуп иштейт. Анын жумушу – шаар боюнча самокаттардын аккумуляторлорун алмаштырып, кубаттап, алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо. Ал бизге энерджайзердин бир күнү кандай өтөрүн, жумуштагы кызыктуу окуяларын жана эмне үчүн өздөрүн “беткапчан супербаатырларга” салыштырып каларын айтып берди.

 – Денис, энерджайзер деген ким жана бул жумушка кантип келип калгансыз?

– Энерджайзер – шаар боюнча аккумулятору түгөнгөн самокаттардын батареяларын өз убагында алмаштырып, аларды кубаттап, кайра пайдаланууга даярдаган кызматкер. Биздин негизги милдет – самокаттардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздап, кардарлар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү.

Бул жумушка бир аз күтүүсүздөн келип калгам. Ошол кезде жумуш издеп жүрүп, резюмемди жөнөтүп койгом. Көп өтпөй мага чалып, бош орун бар экенин айтышты. Жумушум самокаттар менен байланыштуу экенин укканда кубанып кеттим. Себеби, коомдук транспортко караганда самокат менен жүрүү мага кыйла ыңгайлуу болчу. Ошентип, көп ойлонбой эле жумушка кирип кеткем. Энерджайзер болуп иштеп жатканыма 2,5 жылдай болду. 

– Энерджайзердин бир күнү кандай өтөт?

– Эртең менен саат 10дордо туруп, даярданып алып, үйүмдүн жанындагы самокат менен базага барам. Ал жактан кайсы самокаттардын аккумуляторлорун алмаштыруу керек экенин атайын тиркеме аркылуу текшеребиз.

Андан соң 8 даана кубатталган аккумуляторду алып, көрсөтүлгөн даректер боюнча жолго чыгам. Бир даректен экинчисине барып, шаар ичинде каттайбыз. Жумуш күнүбүздүн көп бөлүгү жолдо өткөнү менен иш кызыктуу. Ошол эле учурда керээлден кечке иштебейбиз – күнүмдүк белгиленген тапшырмаларды аткарып бүтүрсөң, жетиштүү. Андан кийин убактыңды өзүң каалагандай пландаштырып, башка иштериңе да көңүл бурууга мүмкүнчүлүк болот.

Мурда самокаттар саатына 25 чакырым ылдамдык менен жүргөндө жумушубуз да бир топ тез бүтчү. Азыр коопсуздук үчүн ылдамдык 15 чакырымга чейин чектелгендиктен, мурдагыга караганда бир аз жайыраак болуп калды.

­– Бул жумуштун кызыктуу жана кыйын жактары кайсылар?

– Менимче, бул жумуштун эң кызыктуу жери ­– күнү бою шаар ичинде жүрүп, ар кандай адамдарды жолуктурганың. Ар кимдин самокаттарга болгон көз карашы ар кандай. Айрымдары ыраазы болушса, айрымдары тескерисинче, “самокаттарыңар тоскоолдук жаратып жатат” деп нааразычылыгын айтышат.

Ал эми кыйынчылыгына келсек, мен бул жумушта өзгөчө оор же терс жактарды көргөн жокмун. Тескерисинче, дайыма кыймылда болуп, шаар кыдырып жүргөнүм өзүмө жагат.

– Жумуш учурунда эсиңизде калган кызыктуу окуялар болсо керек?

– Кызыктуу окуялар көп эле болот. Бир жолу самокаттардын бирин издеп, бир топко чейин убара болгом. Тиркеме көрсөткөн дарекке барып, айланамды бүт карап чыктым, бирок самокаттан дайын жок. Картага кайра-кайра үңүлүп, ошол эле жерди бир нече жолу айланып чыктым. Көрсө, самокат унаа токтотуучу жайда машиналардын арасында калыптыр. Эң күлкүлүүсү ­­­­– ал менден бир нече эле кадам алыстыкта турган экен. Ошончо убакыт бою жанымдагы эле самокатты издеп жүргөнүмдү түшүнгөндө күлкүм келди. Ошондон кийин самокат издей баштаганда алгач айланама жакшылап көз жүгүртүп алчу болдум. Азыр да ошол окуя эсиме түшсө жылмайып алам.

– Энерджайзер катары өз ишиңиздин коом үчүн пайдасы канчалык деп ойлойсуң?

– Кээде тамашалап өзүбүздү “беткапчан супербаатырларга” окшоштуруп калабыз. Тасмалардагы супербаатырлардай эле көпчүлүккө көрүнбөй иштейбиз. Көпчүлүк адамдар энерджайзерлердин ким экенин деле биле беришпейт. Бирок биз күн сайын самокаттарды даярдап, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүп беребиз.

Мени бул жумушта эң көп кубандырганы – жумушумдун натыйжасын дароо көрө алганым. Эртең менен адамдардын самокат менен жумушуна же окуусуна шашып бара жатканын көргөндө, “ушулардын өз убагында жетишине менин да салымым тийип жатат” деген жакшы ой келет. Шаардагы жол тыгынын эске алганда, мындай кызматтын пайдасы чоң деп эсептейм. 

– Бир күндө канча самокатты тейлөөгө үлгүрөсүз? Бул жумуш физикалык жактан оор эмеспи?

– Бир күндө орточо эсеп менен 100дөн 120га чейин самокаттын аккумуляторун алмаштырам. Албетте, бул көрсөткүч системадагы тапшырмаларга жараша өзгөрүп турат. Бирок жалпысынан күнүнө 100дөн ашык аккумулятор алмаштыруу кадимки көрүнүш. Аккумуляторлордун салмагы 5-6 килограммдын тегерегинде болот. Ошондуктан физикалык жактан деле оор эмес.

– Жумушуңузга жакындарыңыздын көз карашы кандай? 

– Чынын айтсам, башында апам: “Бул кандай жумуш, эмне кылат экенсиң?” деп көп сурачу. Ал тургай, жумушумду толук түшүнө элек кезде бир аз тынчсызданып да жүрдү. Бирок, убакыт өткөн сайын менин өз күчүм менен эмгектенип, кызыгып иштеп, жумушума жоопкерчилик менен мамиле кылып жатканымды көрүп, көз карашы өзгөрдү. Азыр болсо бул чечимимди толук колдойт. Жумушумдун маңызын, анын артыкчылыктарын, кызыктуу жана пайдалуу жактарын апама туура түшүндүрө алдым.

– Бишкекте самокаттар эң көп колдонулган жерлер кайсылар?

– Бизде самокаттар өзгөчө жогорку окуу жайларынын айланасында жана ГУМ менен “Ала-Арча” соода борборлорунун алдында көп топтолот. Эң активдүү чекиттердин бири – Политехникалык университеттин аймагы. Кээде кечинде ал жакта жүздөй самокат турса, окуудан кийин алардын бирөө да калбай калган учурлар болот.

– Бул жумуш сизге эмнени үйрөттү?

– Бул жумуш мага эң биринчи кезекте жоопкерчиликти жана тактыкты үйрөттү. Ар бир ишти өз убагында бүтүрүү, убакытты туура пландоо канчалык маанилүү экенин түшүндүм.

Андан тышкары, жакшы адамдарды жолуктурдум. Бирге иштеген кесиптештерим менен жакын мамиле түзүлдү. Чынын айтсам, кээде жумушка ошол адамдар менен көрүшүп, баарлашуу үчүн гана келесиң.

– Маегибиздин соңунда шаар тургундарына кандай кайрылуу айтат элеңиз?

– Кээ бирөөлөр самокаттарды тротуардын так ортосуна таштап кетишет. Мындай учурда ал жөө жүргүнчүлөргө бир топ эле ыңгайсыздык жаратат. Ошондуктан шаар тургундарынан самокаттарды колдонуп бүткөндөн кийин ыңгайлуу токтотуп кетүүсүн  суранат элем. 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт