Ошто дагы бир көчө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Ошто дагы бир көчө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

 15-июнда Ош шаарында Абакир уулу Төрөбек көчөсү салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы аталган көчөдө жайгашкан №33, №35 жана №37 көп кабаттуу турак үйлөрдө жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгы менен жеринде таанышты. Аталган үйлөрдүн сырткы фасаддары Ош шаарынын мэриясынын кош каржылоо долбоорунун алкагында жаңыланып, акталып-сырдалып, жашоочулар үчүн унаа токтотуучу жайлар уюштурулган.

Мындан тышкары, көчө аркылуу агып өткөн Увам каналынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынды. Азыр каналдын жээги тосулуп, тротуар төшөлүүдө. Келечекте бул жер жашыл аймаккаайланат.

Аталган иштердин бардыгы шаардыктарды ыңгайлуу шарттар менен камсыздоого жана шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда

Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды