Ош шаарында биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылды

Ош шаарында биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылды

Ош шаарынын мэриясында кезектеги коллегиялык жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын күн тартибинде Ош шаарынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча эки маселе каралды:

-Ош шаарынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана милдеттер жөнүндө;

-“Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө.

Биринчи маселенин алкагында Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош шаарынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө баяндап, 2023-2026-жылдарга карата Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана социалдык жактан коргоо программасын аткаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер, алты айга мерчемделген социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр өсүү темпи менен жыйынтыкталганын белгиледи.  

“Ош шаарынын өнөр жай ишканалары тарабынан 2023-жылдын январь-июнунда 4 млрд. 85,5 млн.сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга карата көлөмү 89,8 пайызды, ал эми өсүү темпи 112,8 пайызды түзүп, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 463 млн. сомго көбөйгөн. Өнөр жай багытында 71 ишкана ачылып, 450 жаңы жумуш оруну түзүлүп,  213 млн. сом инвестиция тартылган. Ош шаарынын мэриясы бюджетти көбөйтүү, жашырылган салыктарды алып чыгуу, контролдук-кассалык аппараттарды орнотуу боюнча салык кызматы, ички иштер органдары жана муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте иш алып барууда”. -деди Марс Исаев.  

Андан соң Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Ишкана тарабынан 2023-жылдын биринчи жарым жылдыкта 334 миң 288 м3 таштанды чыгарылганы, мурунку жылга салыштырмалуу 64 миң 798 м3 көп экени айтылды. 2022-жылдын 30-июнуна карата абоненттердин саны 266 243 түзсө, 2023-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча абоненттердин саны 18 500 өскөн. Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу багытында, мындан ары да кечиктирилгис жумуштарды аткаруу, абоненттердин санын көбөйтүү, курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн аймагында таштанды контейнерлери үчүн тиешелүү жерлерди аныктоо боюнча чараларды көрүү талабы коюлду.  

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Айрыкча тоолуу жана тоо

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бүгүн Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, Өчпөс отко гүлчамбар койду. Ошондой эле мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, алардын элесине таазим кылды. Өлкө башчы согуштун жана ооруктун ардагерлерин, ошондой эле жалпы кыргызстандыктарды 9-Май

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Күн мурун Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясы үчүн 200 орундуу кошумча окуу имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты. Жаңы окуу корпусу окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.