Акылбек Жапаров «Кыргызиндустриянын» өндүрүш ишканаларын кыдырды

Акылбек Жапаров «Кыргызиндустриянын» өндүрүш ишканаларын кыдырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  «Кыргызиндустрия» ААКнын өндүрүш ишканалары менен таанышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

«Кыргызиндустрия» ААКнын президенти Жарасул Абдураимов 2023-жылдын сентябрь айында бир нече жаңы өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү күтүлүп жатканын, анын ичинде италиялык жабдууларды колдонуу менен инновациялык технологияны колдонуу менен үй куруучу панелдерди чыгарууга адистешкен «Кыргызбетонкурулуш» ЖЧКсы да бар кирээрин айтты. Министрлер Кабинетинин башчысы тармакта мындай инновациялык жана келечектүү багыттарды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Акылбек Жапаров «Кыргызтопчу» ЖЧКсынын ишке кире турган жаңы жабдыктарында сыдырманын жасалышы менен таанышуу менен жеңил өнөр жай товарларынын ички рыногун жогорку сапаттагы ата мекендик продукция менен камсыздоо жана экономиканы чыңдоого көмөктөшүүчү ата мекендик ишканаларды стимулдаштыруу зарылдыгына токтолду.

Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле «Кыргыззоот» ЖЧКсынын жумушчу кийимдерин чыгаруучу ишкана жана «Кыргызанимация» ЖЧКнын иш багыттары менен таанышты.

«Кыргызиндустрия» ААК - Кыргызстандын экономикасынын өнөр жай секторун өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга адистешкен алдыңкы өнөр жай компаниясы болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media