Улуттук банк менен депутаттар улуттук валютасы жөнүндө мыйзамды талкуулашты
«Ишеним» фракциясынын депутаты Айсаракан Абдибаева Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков менен бирге «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы жөнүндө» мыйзам долбооруу боюнча талкуу өткөрдү. Бул тууралуу парламент билдирди.
Аталган мыйзам долбоору 2023-жылдын 30-июнунан тартып коомдук талкууга коюлган.
Эгерде бул мыйзам долбоору ишке ашса КРнын улуттук акча бирдигинин статусу ушул мыйзам менен аныкталат жана банкнотторун жана тыйындарын басып чыгаруу Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүзөгө ашырылат.
Ошондой эле мамлекеттин ичинде эсептешүүлөр жана төлөмдөр улуттук валюта (сом) менен жүзөгө ашырылып, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааларды белгилөө сом менен ишке ашырылат.
КРда соода ишине, чет өлкөлүк валютада кредиттерди жана заемдерди берүүгө, товарларды экспорттоодо жана импорттоодо валюталык кирешелери жана чыгашалары бар экономикалык иштин субъекттерине, ошондой эле эркин экономикалык аймактардын субъекттерине гана чет өлкөлүк валюталар менен болот.