Садыр Жапаров Палестинанын тышкы иштер министрин кабыл алды

Садыр Жапаров Палестинанын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров, 27-августта, өлкөгө расмий сапар менен келген Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Маликини жана экспатрианттарды кабыл алды. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Маалымат ылайык, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө кыргыз-палестин мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Аль-Малики эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында эки мамлекеттин ортосунда өкмөттөр аралык комиссия түзүүнү, эки өлкөнүн эксперттеринин соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, айыл чарба, медицина, билим берүү сыяктуу тармактарда кызматташуусун жана тажрыйба алмашуусун активдештирүүнү сунуштады.

Тараптар Кыргызстан менен Палестинанын дос элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн бардык скомплексин жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендиктерин билдиришти.

Read more

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спортту колдоого багытталган 98 долбоор үчүн 41.5 млн сом жумшаса, акыркы бир жыл аралыгында 8.7 млн сом каражат жумшалып 12 долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу «Альянс Алтын» тоо кен ишканасы билдирди. Алардын бири, 2024-жылдын 24-июлунда «Альянс Алтын»

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунан чыккан 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндары менен Дүйнө чемпионатына бара турган Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүнө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Чоң мелдешке жолдомо алган спортчуларга 100 миң сомдон акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырылды. Олимп оюндарына жолдомо алган Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 18.6 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын май айында 927.4 млн сом төлөнүп, бул акыркы үч жыл ичиндеги айларга салыштырмалуу эң чоң салык төлөмү болду. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны

«Алтын тамга» артыкчылык аттестат ээлерине «Альянс Алтын» ноутбук тапшырды

«Алтын тамга» артыкчылык аттестат ээлерине «Альянс Алтын» ноутбук тапшырды

«Альянс Алтын», 30-майда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен облус аймагында «Алтын тамга» артыкчылык аттестаттына ээ болгон окуучулар сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун жетекчиси Баатыр Качкынбаевдин