Чүйдө аткаминерлер пара алып карантинге алынган продукцияларды экспорттоого уруксат беришкен

Чүйдө аткаминерлер пара алып карантинге алынган продукцияларды экспорттоого уруксат беришкен

Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын айрым кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, департаменттин Чуй башкармасынын кызмат адамдарына (1000 сомдон 3000 сомго чейин) белгилүү акчалай сыйлык үчүн, «Фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды реэкспорттоо, фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун талаптарын аткарбастан, карантинге алынган продукцияны экспорттоо үчүн шайкештиктин фитосанитардык сертификаттарын берүүнү жүзөгө ашырышкан.

«Ошону менен бирге жогорку кызмат адамдары купуялуулукту сактоо максатында кызмат адамы менен жүктүн ээси ортосунда ортомчу болгон айрым жеке фирмалар менен сүйлөшүүгө барышкан. Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Департаментинин Чүй башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери, тактап айтканда Аламүдүн жана Москва райондорунун кызматкерлери тарабынан системалуу негизде акча каражаттарын алуу фактылары катталган», - деп билдирүүдө белгиленген.

Топтолгон далилдердин негизинде аталган башкармалыктын Чүй-Бишкек башкармалыгынын кызматкерлери К.Т.А., К.С.К., К.Б.Э. кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган адамдардын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо ошондой эле бул коррупциялык ишке катышкан башка адамдардын бетин ачуу жана жоопко тартуу иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Жер титирөөгө байланыштуу социалдык объектилердин техникалык абалы текшерилди

Жер титирөөгө байланыштуу социалдык объектилердин техникалык абалы текшерилди

29-майда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча саат 14:15те Жалал-Абад аймагында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Сары-Булак айылынан 10 чакырым, ал эми Казарман айылынан 27 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мындан улам Курулуш, архитектура жана

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

29-майда "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын жылдык жалпы жыйыны өтүп, коомдун башкаруу органдарынын жаңы курамы бекитилди. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйындын жыйынтыгында Манасбек Самидинов кайрадан башкармалыктын төрагасы болуп шайланды. Ошондой эле башкармалыктын жана директорлор кеңешинин жаңыланган курамы бекитилди. Директорлор кеңешинин төрагалыгына Мирлан Конурбаев шайланды. Мындан

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

30-майда Ош шаарында “Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын” жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы алдыдагы сууга түшүү сезонуна даярдык көрүү алкагында Пионер көлүн калыбына келтирүү жана ага чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүү иштерин баштады. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө объектте 8 даана атайын техника тартылган: 3 экскаватор жана 5 HOWO үлгүсүндөгү оор жүк