Экономика министринин орун басарларынын саны кыскартылды

Экономика министринин орун басарларынын саны кыскартылды

Экономика министринин орун басарларынын саны кыскартылды. Бул тууралуу минкаб билдирди. Чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында жарыяланды.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү отурумдун күн тартибинде белгиленген маселелерди кароого киришти.

Министрлер Кабинетинин отурумунун жүрүшүндө экономика жана коммерция министринин орун басарларынын санын кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Чечим министрликтин системасын оптималдаштыруу жана ишин натыйжалуу уюштуруу максатында кабыл алынды. Ошондо, кабыл алынган чечимге ылайык, экономика жана коммерция министринин орун басарларынын саны 4 адамга кыскарды.

Мындан тышкары, Туризм департаментинин директорунун кызматында министрдин орун басары рангы алынып салынды.

Мындан тышкары окуңуз

Бюрократиядан арылууга багытталган жыйын өткөрүлдү

Бюрократиядан арылууга багытталган жыйын өткөрүлдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Президенттин Жарлыгынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылууга багытталган мекемелер аралык комиссиянын онунчу отуруму өттү. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйында бюрократиядан арылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы каралып, жаңы демилгелер талкууланды. МинКаб Төрагасы Президенттин ти

Такси айдоочулары лицензияны эми онлайн алышат

Такси айдоочулары лицензияны эми онлайн алышат

Жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча санариптик система ишке кирди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми такси айдоочулары жана юридикалык жактар лицензия алуу үчүн арыздарды “МБанк”, “Элдик” жана “Түндүк” мобилдик тиркемелери аркылуу онлайн тапшыра алышат. “Лицензия алуу үчүн тиркемеде идентификациядан өтүп, электрондук арызды толтуруп жана

Көпчүлүк билбеген кесип: Бишкектеги энерджайзердин бир күнү кандай өтөт?

Көпчүлүк билбеген кесип: Бишкектеги энерджайзердин бир күнү кандай өтөт?

Бишкектин көчөлөрүндө электросамокаттарды минип шашып бараткан адамдарды күн сайын көрөбүз. Бирок ошол самокаттар дайыма кубатталып, колдонууга даяр турушу үчүн кимдер эмгектенип жатканын көпчүлүк биле бербейт. 20 жаштагы Денис 2,5 жылдан бери энерджайзер болуп иштейт. Анын жумушу – шаар боюнча самокаттардын аккумуляторлорун алмаштырып, кубаттап, алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо. Ал бизге энерджайзердин

Ошто дагы бир көчө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Ошто дагы бир көчө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

15-июнда Ош шаарында Абакир уулу Төрөбек көчөсү салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, калаа башчысы аталган көчөдө жайгашкан