Садыр Жапаров Кореянын президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту

Садыр Жапаров Кореянын президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун негизги аспектилери боюнча пикир алмашты. Садыр Жапаров бул жолугушууну уюштуруу демилгеси үчүн Корея президентине ыраазычылык айтып, эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берет, деген ишенимин билдирди.

Ал Корея менен кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү – өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Кыргызстан Корея Республикасын Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү жана артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири катары эсептейт.

Мамлекет башчысы Корея менен кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө абдан кызыкдар экендигин билдирди.

Экономикадагы "жашыл долбоорлордун" ордуна тышкы карызды реструктуризациялоо тууралуу кыргыз тараптын демилгеси тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров кызматташуунун бул вариантын эки тараптуу контекстте кароону да сунуштады.

Учурдан пайдаланып, президент Садыр Жапаров Корея лидерин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Баарлашуунун жүрүшүндө Юн Сок Ёль Корея өз тарабынан алдыңкы технологияларды колдонуу жаатындагы мыкты тажрыйбасын керек болгон бардык адамдар менен бөлүшүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Корея президенти Садыр Жапаровго Кыргызстанга келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы саясий диалогду бекемдөөгө даяр экендигин айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында кышка даярдык өз убагында жүрүүдө. Учурда кампаларга 30 миң тоннага жакын көмүр түшүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тургундар көмүрдү 35 муниципалдык сатуу жайынан ала алат. Баасы маркасына жараша 4 сомдон 9 сомго чейин. Көмүр Ноокат, Кара-Суу, Алай райондорунан жана Нарын облусунан ташылууда.

Ишкер Media
Ботаникалык бакчанын жетекчилигине 17 миң сом айып салынды

Ботаникалык бакчанын жетекчилигине 17 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы Э.Н. Гареева атындагы ботаникалык бакчада экологиялык талаптардын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын текшерүүсүндө тиричилик жана курулуш калдыктары атайын эмес жерге төгүлүп, санитардык абалга зыян келтиргени белгилүү болду. Мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, администрацияга 17 000

Ишкер Media
Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Өлкөдө кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда. 2026-2027-жылга кант өндүрүүнүн планы - 79 миң тонна. Бул тууралуу Кумшекер класстеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө дагы 25 миң тоннага жакын запас бар. Ошентип, өндүрүш менен запасты кошкондо, жалпы көлөм 104 миң тонна болуп, бул 2027-жылдын

Ишкер Media
КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

Президент Садыр Жапаров кече Авазада өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды. Мамлекет башчысы Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларус Республикасынын президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри менен биргеликте Шериктештикке мүчө мамлекеттердин элдеринин улуттук ашканасы, салттары жана маданий мурастары менен таанышып чыгышты. Лидерлерге Кыргызстан,

Ишкер Media