КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду
Президент Садыр Жапаров кече Авазада өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды.
Мамлекет башчысы Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларус Республикасынын президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри менен биргеликте Шериктештикке мүчө мамлекеттердин элдеринин улуттук ашканасы, салттары жана маданий мурастары менен таанышып чыгышты.
Лидерлерге Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын даамдары, улуттук кийимдери жана музыкалык чыгармалары тартууланды.


