Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда
Өлкөдө кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда. 2026-2027-жылга кант өндүрүүнүн планы - 79 миң тонна. Бул тууралуу Кумшекер класстеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө дагы 25 миң тоннага жакын запас бар. Ошентип, өндүрүш менен запасты кошкондо, жалпы көлөм 104 миң тонна болуп, бул 2027-жылдын июль айынын ортосуна чейин керектөөнү камсыздайт.
Ошол эле учурда 2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 76 миң тонна кант импорттолгон.
Сунушталган чара боюнча ак канттын импортуна октябрь-апрель айларында убактылуу тыюу салуу каралууда.
Максат - ата мекендик кант өндүрүүчүлөрдү жана фермерлерди импорттун баага болгон басымынан коргоо.