Ботаникалык бакчанын жетекчилигине 17 миң сом айып салынды
Бишкек шаарындагы Э.Н. Гареева атындагы ботаникалык бакчада экологиялык талаптардын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын текшерүүсүндө тиричилик жана курулуш калдыктары атайын эмес жерге төгүлүп, санитардык абалга зыян келтиргени белгилүү болду.
Мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, администрацияга 17 000 сом айып пул салынды.
Ошондой эле аймакты тазалоо жана кемчиликтерди жоюу боюнча эскертме берилди.