Садыр Жапаров иш сапары менен Берлинге келди

Садыр Жапаров иш сапары менен Берлинге келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Берлинге иш сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы «Берлин-Бранденрбург» эл аралык аэропортуна конду.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы 29-сентябрда өтө турган «Германия – Борбордук Азия» саммитине катышат, Германиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле «Германиянын экономикасынын чыгыш комитети» герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 96 кызматкери иштен четтетилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 96 кызматкери иштен четтетилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен мыйзамсыз иштерге аралашкан деген негизде 96 кызматкер кызматынан четтетилип, 24 кызматкерге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев 23-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлү Элвира Сурабалдиева "атайын кызмат жемкорлукка тиешеси бар кызматкерлерден тазаланып жатабы?"

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өсүүнү улантууда

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өсүүнү улантууда

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа жогорулашын улантууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин айрым керектөө товарларынын орточо баалары боюнча жүргүзгөн күнүмдүк мониторингинин жыйынтыктары көрсөтүүдө. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын июнь айында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы өлкө боюнча литрине 86,80 сомду түздү. Май айында бул көрсөткүч 85,35 сом

Кыргызстанда көмүрдү экспорттоого тыюу салынды

Кыргызстанда көмүрдү экспорттоого тыюу салынды

Министрлер Кабинети көмүрдү Кыргызстандын аймагынан автоунаа транспорту аркылуу сыртка чыгарууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, чечимге ылайык, чектөө өлкөнүн бардык автомобиль өткөрүү пункттарында күчүндө болот. Бирок “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү бекеттери аркылуу көмүр экспорттоого уруксат берилет. Ошондой эле жаңы тартип мамлекеттик “Кыргызкөмүр” ишканасына

Бостериде жаратылышты булгаган жарандар жоопкерчиликке тартылды

Бостериде жаратылышты булгаган жарандар жоопкерчиликке тартылды

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз саркынды сууларды агызуу жана таштанды жайгаштыруу эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери туристтик милиция менен биргеликте Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагында рейд жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым жеке эс алуучу