Нарын облусунун 27 айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаалары тапшырылды

Нарын облусунун 27 айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаалары тапшырылды

Президент Садыр Жапаров Нарын облусунун 27 айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаалары тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Иш чара Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдыгына арналган маданий массалык иш чаранын расмий бөлүгү Кочкор айылындагы М.Садыков атындагы стадиондо өткөрүлдү.

Президенттин айтымында, Нарын дубанында 63 айыл өкмөтүнөн ирилештирүүдөн кийин 27 айыл өкмөтү түзүлгөн. Бул мамлекеттик бюджетти сарамжалдуу пайдалануу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун, ыкчамдыгын арттыруу максатында кабыл алынган чечим болду.

Реформанын натыйжасында Нарын облусу боюнча 113 млн сом акча каражаты үнөмдөлдү. Мындан сырткары, минкаб тарабынан социалдык-экономикалык абалды жогорулатууга түрткү катары жалпы 270 млн сом акча каражаты бөлүнүүдө. Ошондой эле жайыт, таза суу, сугат суусу жана таштанды маселелерин реформалоо менен кошумча 110 млн сом түшүүдө. Бул акча каражаттар жергиликтүү тургундардын жашоосун жакшыртууга, айыл аймактарды өнүктүрүүгө жумшалмакчы.

Мындан соң Президент тарабынан Нарын облусунун айыл аймактарынын башчыларына 27 кызматтык автоунаанын ачкычтары тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендеги катуу шамалдын кесепети 16 млн сом чыгымга учуратты

Баткендеги катуу шамалдын кесепети 16 млн сом чыгымга учуратты

27-июнда Баткен шаарында, ошондой эле Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында катуу шамал болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 27–28 метрге чейин жетти. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен айрым турак үйлөрдүн жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркап, башка материалдык чыгымдар

Нарындагы мыйзамсыз курулган тосмолор буздурулууда

Нарындагы мыйзамсыз курулган тосмолор буздурулууда

Нарын шаарынын Жаңы Жол чөлкөмүндө мыйзамсыз тосулуп алынган жер аянттарын кайтарып алуу максатында дубал тосмолор жана сарайлар бузулууда. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымына караганда, “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо” жөнүндөгү президенттин 109 -Жарлыгынын алкагында мыйзамсыз курулуштарды аныктоо, бузуу боюнча жарандарга билдирүүлөр да

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык  долбоорлорду ишке ашырат

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык долбоорлорду ишке ашырат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пакистандын Лахор шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу менен жолугушту. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Пакистан тарап Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктуу тармактары жана инвесторлор үчүн каралган мамлекеттик колдоо чаралары менен таанышты. Равшанбек Сабир

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Манас шаарында өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселелерине байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана мунай менен иш алып барган бир катар жеке компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, отурумда негизинен “Кыргызнефтегаз”