Төрага Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Төрага Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Бул тууралуу ЖК билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев алгач Николас Боулерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады.

"Сиздин өмүр баяныңыз тууралуу маалымат алып жатып, биздин чөлкөмдө жетиштүү тажрыйбага ээ элчи экениңизди билдим. Андыктан, Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүңүздүн алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгын тереңдетип, байланыштарыбызды арттырасыз деген ишеничтемин. Айрыкча, билим берүү тармагы боюнча жигердүү иш алып барып, кыргызстандыктардын Улуу Британиянын жогорку окуу жайларынан билим алуусуна керектүү мүмкүнчүлүктөрдү түзөсүз деген үмүттөмүн", – деди Төрага.

Элчи парламенттер аралык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолгон Нурланбек Шакиев бул жаатта да тыгыз кызматташып, тажрыйба алмашуу зарылчылыгын кошумчалады.

Ошондой эле жолугушууда соода, туризм, айыл чарба, энергетика, жарандарды ишке орноштуруу жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгы белгиленип, төрага Нурланбек Шакиев кыргыз тарап туруктуу өнүгүүгө багытталган биргелешкен экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Баарлашуу учурунда сөз эркиндиги жана улуттук коопсуздук маселелери да талкууланып, тараптар демократиялык өнүгүүдө улуттук баалуулуктар сөзсүз эске алынышы керектигин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Иманалиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Иманалиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

26-июндан тартып Бишкектеги М.Иманалиев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдирди. Маалыматка ылайык, жолду оңдоп-түзөө жана жакшыртуу иштеринин биринчи этабына байланыштуу унаалардын кыймылы убактылуу чектелет. Мындан тышкары, оңдоп-түзөө иштеринин экинчи этабынын алкагында М.Иманалиев көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-

Кыргызстан менен Португалия кош салык салуудан качуу боюнча сүйлөшүүдө

Кыргызстан менен Португалия кош салык салуудан качуу боюнча сүйлөшүүдө

Кыргызстан менен Португалиянын расмий өкүлдөрү кирешеге кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу боюнча макулдашууну талкуулап жатышат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Белгиленгендей, бул иш-аракеттер эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө

DemirBank эл аралык каржылоону ишке ашырды: Өзбекстандагы бизнеске колдоо көрсөтүлдү

DemirBank эл аралык каржылоону ишке ашырды: Өзбекстандагы бизнеске колдоо көрсөтүлдү

18-июнда DemirBank Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын (Risk Sharing Facility – RSF) алкагында Өзбекстандын “Ozone Fitness” ЖЧКсы менен кредиттик келишимге кол койду. Тартылган каржылоо каражаттары Ташкент шаарындагы “Ozone Fitness” ЖЧК фитнес борборлор тармагынын жаңы объекттерин курууга жана иштеп жаткан борборлорун модернизациялоого багытталат. Компания Өзбекстандагы фитнес-индустриянын

Нарында стадион 326 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Нарында стадион 326 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Президент Садыр Жапаров 24-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Президент өз сөзүндө облустун негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, мамлекеттин бюджеттик мүмкүнчүлүктөрү туруктуу өсүп жатканын, аймактарды каржылоо көлөмү көбөйгөнүн, ошондой эле