Нарында стадион 326 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Нарында стадион 326 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Президент Садыр Жапаров 24-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Президент өз сөзүндө облустун негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, мамлекеттин бюджеттик мүмкүнчүлүктөрү туруктуу өсүп жатканын, аймактарды каржылоо көлөмү көбөйгөнүн, ошондой эле калктын эмгек акысын жана социалдык колдоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

“Тикелей тартылган инвестиция менен 416 батирлүү “Тянь-Шань сити” турак жай комплекси курулуп жатат. Мындан сырткары, Нарын шаарын кеңейтүү, шаар тургундарын турак-жай менен камсыз кылуу максатында “Тайлак Баатыр” атындагы №2025 аскер бөлүгүн шаар четине көчүрүп, бошотулган 128 батир капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, үйгө муктаждарга социалдык ипотека аркылуу берилмекчи”, - деди Президент.

Ал шаар тургундарын коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында Турукташтыруу фондунан 250 млн сом акча каражаты бөлүнгөнүн билдирди. Бул каражатка 11 автобус, “Таза-Нарын” жана “Жашылдандыруу” ишканаларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 33 атайын техника сатылып алынды.

“Ошол эле Турукташтыруу фондунан 807 млн сом акча каражаты бөлүнүп, Нарын шаарында заманбап үлгүдөгү маданий борбор, 200 орундуу муниципалдык борбордук мончо, балдар ойноочу жай курулууда. 
Шаардын 5000 орундуу борбордук “Ала-Тоо” стадиону 326 млн сомго реконструкцияланып жатат, буюрса ал дагы шаардын, райондун жана облустун спорт тармагынын өнүгүшүнө чоң кызмат кылат деген ниеттемин”, -деп айтып берди Садыр Жапаров.

Андан соң Мамлекет башчысы Нарын районун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кыскача токтолду.

“Нарын району Орто Азиядагы эң ири Нарын дарыясын бойлой жайгашкан. Ат-Башы ГЭСинен сырткары, келечекте Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу долбоорлору каралган, учурда Куланак ГЭси курулуп жаткан маанилүү райондордун бири. Ошону менен бирге Солтон-Сары өрөөнүндө алтын кендери, Эки-Нарын өрөөнүндө темирдин запастары өтө көп аймак”, - деп белгиледи Президент.
Район аймагына 2021–2025-жылдар аралыгында 49 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Быйыл жалпы узундугу 53,5 чакырым автоунаа жолдоруна асфальт төшөө планы бар”, - деди Мамлекет башчысы. 

Президент саламаттык сактоо, билим берүү жана калкты социалдык жактан колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ал медициналык инфраструктураны өнүктүрүү, саламаттык сактоо мекемелерин заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын жетекчилиги астында балдардын укуктарынын сакталышы боюнча маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтен билдирди. Жыйынга Чүй облусунун прокуратурасынын, Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media
Өлкөдө жаңы үлгүдөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Өлкөдө жаңы үлгүдөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Бүгүндөн тартып Кыргызстанда 2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сом номиналындагы жаңы банкноттор жүгүртүүгө киргизилди. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы банкноттор "Борбор-Азия Корголгон Басма Басмаканасы" ЖЧКсы тарабынан даярдалган. Банкноттордун дизайнында олуттуу өзгөрүү жок. Алардын алдыңкы бетинде тарыхый инсандардын портреттери, арткы бетинде тарыхый-маданий объектилер

Ишкер Media
Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Кечээ Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдирди. Анда Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Маалыматка ылайык, тараптар маданият, илим, инвестиция жана туризм тармактарында байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкек шаарында 28-октябрдан тарта жылытуу сезону башталат. Учурда муниципалдык "Бишкек ЖЭБ" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ишканалары жылуулук берүүгө даяр. "Бишкек ЖЭБ" мекемеси билдиргендей, имараттар жылуулук берүү тутумуна этап-этабы менен кошула баштайт. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга жана саламаттык сактоо мекемелерине берилип, андан кийин

Ишкер Media