Жалал-Абадда 11 кызматтык үй курулду
Жалал-Абадда 11 кызматтык үй курулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган турак жайлардын курулушу КР президентинин Иш башкармасы тарабынан жүргүзүлүп, азыркы учурда ички жана тышкы инженердик-коммуникациялык жумуштары калды.
Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 50дөн ашуун бир кабаттуу кызматтык үйлөрдүн курулуш жумуштары аяктоо алдында турат. Бул демилге мамлекет тарабынан кызматкерлердин жер которуп, тажрыйба алмашып иштөөсүнө кам көрүү болуп саналат.