Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын 43.3 чакырымы боюнча макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын 43.3 чакырымы боюнча макулдашты

2023-жылдын 3-октябрынан 8-октябрына чейин Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43.32 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” аба майданынын аянты 20 миң чарчы метрге кеңейтилүүдө

“Манас” аба майданынын аянты 20 миң чарчы метрге кеңейтилүүдө

МинКаб Төрагасына аба майдандын инфраструктурасын модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди, ал учуу коопсуздугун жогорулатуу, өлкөнүн транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, эл аралык авиациялык картадагы позициясын бекемдөөгө багытталган. Аба майдан комплексин масштабдуу оңдоп-түзөөнүн алкагында терминал 20 миң чарчы метрге кеңейтилүүдө. Курулуштун бардык фазалары аяктагандан кийин терминалдын жалпы аянты болжол

Таласта коон – дарбыз саткан жайлар текшерилди

Таласта коон – дарбыз саткан жайлар текшерилди

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Талас облусу боюнчарегиондук башкармалыгы, Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти жана ветеринардык-санитардык лабораториясы менен биргеликте Талас району жана Талас шаарында коон жана дарбыз саткан соода жайларына текшерүү жүргүзүлдү. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө атайын нитрат-тестерлердин жардамы менен продукциялардын нитраттык көрсөткүчтөрү текшерилди. Ошондой

"Бала ырысы" жөлөк пулу кандай тартипте төлөнөрү белгилүү болду

"Бала ырысы" жөлөк пулу кандай тартипте төлөнөрү белгилүү болду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарга арналган жаңы ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" жөлөк пулун алуу тартибин түшүндүрүп берди. Билдирүүгө караганда, жөлөк пулдун өлчөмү ар бир бала үчүн ай сайын 1200 сомду түзөт. Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган жарандар үчүн жөлөкпул

Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жол оңдоо иштерине байланыштуу Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде автотранспорт каражаттарынын кыймылы толугу менен убактылуу токтотулат. Бул убактылуу чектөө 17-июндан 18-июнга чейин күчүндө болот.