"Бала ырысы" жөлөк пулу кандай тартипте төлөнөрү белгилүү болду

"Бала ырысы" жөлөк пулу кандай тартипте төлөнөрү белгилүү болду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарга арналган жаңы ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" жөлөк пулун алуу тартибин түшүндүрүп берди.

Билдирүүгө караганда, жөлөк пулдун өлчөмү ар бир бала үчүн ай сайын 1200 сомду түзөт. Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган жарандар үчүн жөлөкпул белгиленген райондук коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт.

Мекеменин маалыматына ылайык, жөлөкпул алуу укугу үй-бүлөнүн киреше деңгээлине карабастан ата-энелерге, асырап алуучуларга жана камкорчуларга берилет. Эгерде бир учурда эки же андан көп бала төрөлсө, төлөм ар бир балага өзүнчө дайындалат.

 Арызды 2026-жылдын 1-июлунан тартып электрондук форматта "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу "Социалдык төлөмдөр" бөлүмүндөгү "Бала ырысы" кызматы аркылуу берүүгө болот. Ошондой эле арыздарды социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө факт жүзүндө жашаган же убактылуу жүргөн жери боюнча тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралган.

Арыз берүү үчүн санарип форматында төмөнкү документтер талап кылынат:

-        арыз ээсинин паспорту;

-        баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

-        факты жүзүндө жашаган/убактылуу жери тууралуу маалымат.

-        Жөлөкпулду которуу үчүн банк эсеби.

Электрондук форматта арыз берилген учурда керектүү маалыматтар мамлекеттик маалыматтык системалар аркылуу автоматтык түрдө суралат.

Жөлөкпул дайындоо жөнүндө чечим арыз катталган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Ал эми арыз "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу берилсе, төлөмдү дайындоо автоматтык түрдө бир жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.

Жөлөк пул алуучунун банктык эсебине которулуп, бала үч жашка толгонго чейин ай сайын төлөнөт.

Эмгек министрлиги белгилегендей, жаңы төлөм кичинекей балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого, алардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана өлкөдөгү балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган.


Белгилей кетсек, 2026-жылдын 15-июнунда КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев №421 «Ай сайын берилүүчү “Бала ырысы” жөлөкпулун дайындоонун тартиби жөнүндө» токтомго кол койгон.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Ала-Бука - Караван жана Ала-Бука - Касансай автожолдорунун жалпы 26 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Ала-Бука - Караван автожолунун 14 чакырымына асфальт төшөө иштери толук аяктап, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө.

Ишкер Media
"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" ишканасы шаар тургундарына таштандыларды саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Бул чара таштанды чыгаруу иштерин оптималдаштырып, жол тыгындарын азайтууга багытталган. Ишканадан билдиришкендей, унаа кыймылы азайган кечки убакта таштанды ташуучу техникалар натыйжалуу иштейт. Мэрия тургундарды сунушту эске алып, коммуналдык кызматтардын ишине көмөк

Ишкер Media
Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өлкөдө күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өскөнүн билдирди. Мекеме белгилегендей, бүгүн Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт саатка жетти. Бул — күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 16

Ишкер Media
Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы мыйзамсыз объекттерди алуу тууралуу президенттин Жарлыгын аткаруу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалым болгондой, 19-23-октябрь күндөрү шаар аймагында жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалды. Натыйжада 7 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Иштер мажбурлоо жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлдү.

Ишкер Media