Мегаком эчкимге сатылган жок – Эдил Байсалов

Мегаком эчкимге сатылган жок – Эдил Байсалов

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Альфа Телеком” ЖАКнын акцияларынын 100% сатылышы тууралуу комментарийин берди.

"Мегаком эчкимге сатылган жок. Мамлекеттин менчиги бойдон эле турат" деп өкмөт төрагасы Акылбек Жапаров түшүндүрүп берди. Түшүнбөгөндөргө”, - деп жазды аткаминер.

Өзүнүн постун ал Акылбек Жапаров бул алып-сатуу схемасын түшүндүрүп берип жаткан жериндеги сүрөт менен коштоду.

Мындан тышкары окуңуз

ШКУнун жыйынында Тышкы иштер министрлери бир катар документтерге кол коюшту

ШКУнун жыйынында Тышкы иштер министрлери бир катар документтерге кол коюшту

Чолпон-Ата шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын жыйынан кийин бир нече чечимдерге кол коюлду. Кол коюлган документтер: Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын күн тартибинин долбоору жана “ШКУ плюс” форматындагы жолугушуунун негизги темалары жөнүндө; Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында кол коюла

Бостеридеги эс алуу борборунда мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Бостеридеги эс алуу борборунда мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Борбор" эс алуу борборунун аймагында жайгашкан курулуш объекттерине пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен курулган жана пайдаланылып жаткан бир катар объекттер аныкталды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүнү Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-

Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводундагы 80 тоннага жакын уулуу химикат жок кылынат

Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводундагы 80 тоннага жакын уулуу химикат жок кылынат

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" заводунун аймагында топтолгон 80 тоннага жакын уулуу химикаттарды экологиялык жактан коопсуз утилизациялоо боюнча долбоор ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор үч тараптуу макулдашуунун негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана "Росатом"

Токтогулдун Камыш-Башы айылына таза суу тартылууда

Токтогулдун Камыш-Башы айылына таза суу тартылууда

Токтогул районунун Камыш-Башы айылында жергиликтүү калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорунун алкагында суу түтүк тармактарын төшөө иштери толугу менен аяктады.  Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштери акыркы этабына чыкты. Учурда объектте төмөнкүдөй жумуштар толугу менен аткарылды: Ичүүчү суу менен камсыздоочу негизги тармакты тартуу иштери