Балык чарбалары үчүн тоют импорту боюнча маселе жаралууда
Кыргызстандын Агрардык өндүрүш комплексин өнүктүрүү ассоциациясы балык чарбасына керектелүүчү тоюттарды импорттоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасына кайрылуу жолдоду.
Ассоциациянын билдирүүсүндө - маселе балык өстүрүү тармагынын туруктуу иш үчүн маанилүү экени белгиленет. Тоюттарды жеткирүүнү кескин чектөө балык чарбаларында башталган өндүрүштүк циклдерге жана келишимдик милдеттенмелерди аткарууга тобокелдик жаратышы мүмкүндүгу айтылат.
Ошол эле учурда ассоциация ата мекендик тоют өндүрүүчүлөрдү колдоону да маанилүү деп эсептейт. Бирок балык өстүрүүчү чарбаларга өтүү мезгилин өндүрүшкө зыян келтирбестен өткөрүүгө шарт түзүү зарылдыгын белгилейт.
Ассоциация бул маселе боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү кайрылуу жөнөткөнүн жана бардык кызыкдар тараптар менен биргеликте практикалык жана тең салмактуу чечим табуу боюнча ишти улантарын билдирди.


