Бизнес үчүн инвестициялык механизмдерди киргизүү боюнча Дүйнөлүк банк менен келишим түзүлдү
Кыргызстанда бизнеске каражат тартуунун жаңы механизмдерин өнүктүрүү боюнча Экономика жана коммерция министрлиги менен Дүйнөлүк банк тобунун ортосунда кызматташтык жөнүндө келишим түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, документке 7-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов менен Дүйнөлүк банк тобунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл кол коюшкан. Кызматташтык альтернативдүү инвестициялоо, башкача айтканда жаңы инвестициялык механизмдер аркылуу бизнес үчүн каржы тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Анын алкагында жеке секторду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү, бизнес жана инвесторлор үчүн түшүнүктүү шарттарды түзүү, ошондой эле ишканаларды, стартаптарды жана инновациялык долбоорлорду каржылоонун укуктук негизин түзүү каралууда.
Мындан тышкары, альтернативдүү инвестициялоо боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана жаңы каржылоо механизмдерин иш жүзүндө колдонуу үчүн зарыл болгон эрежелерди иштеп чыгууга эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтүлөт.