Кыргызстанда кант кызылчасын массалык жыйноо башталды

Кыргызстанда кант кызылчасын массалык жыйноо башталды

Кыргызстанда кант кызылчасын массалык жыйноо сезону башталды. Быйыл Чүй жана Талас облустарынан 650 миң тонна кант кызылчасын жыйноо пландалууда. Бул тууралуу “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” ишканаларынын өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, салыштыруу -  2025-жылы жазгы жагымсыз аба ырайынан улам 550 миң тонна кызылча жыйналган. Ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч болжол менен 1 млн тоннага жеткен. Быйыл кант кызылчасы 11,8 миң гектар жерге айдалган. Аны Чүй жана Талас облустарындагы болжол менен 3 миң фермер өстүрөт. Жалпысынан кант кызылчасы жана кант өндүрүшү тармагында 100 миңге жакын адам эмгектенет.
Кыргызстанда кызылчаны кабыл алуу жана кайра иштетүү менен “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” заводдору алектенет. Алардын жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 6,8 миң тонна кант кызылчасын кайра иштетүүгө жетет.

Учурда Чүй жана Талас облустарындагы талаалардан күн сайын 15–18 миң тоннага чейин кызылча жыйналууда. Бул күнүнө 700–900 жүк ташуучу унаанын каттамын билдирет.

Кызылча Чүй облусундагы жети жана Талас облусундагы бир кабыл алуу пунктуна өткөрүлөт. Унаалардын көптүгүнөн улам фермерлердин убактысын үнөмдөө максатында пункттарда электрондук кезек системасы киргизилген.

Маалыматка караганда, быйыл кант кызылчасынын сатып алуу баасы 1 тоннасына 5 500 сом болуп белгиленген. Фермерлер менен эсептешүүдө төлөмдүн 30% акчалай, калган 70% даяр кант түрүндө жүргүзүлөт.

Кант кызылчасын өстүрүү көп эмгекти жана олуттуу каражатты талап кылат. Фермерлердин чыгымы гектарына 200 миң сомго чейин жетет.

Кыргызстанда кант жылдык керектөөсү болжол менен 120 миң тоннаны түзөт. Кант стратегиялык мааниге ээ болгон тогуз азык-түлүктүн катарына кирет. Андыктан кант кызылчасын өндүрүүнү колдоо өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо маанилүү багыттардын бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

ЖК энергетикалык суусундуктардын сатылышын иликтөө үчүн комиссия түздү

ЖК энергетикалык суусундуктардын сатылышын иликтөө үчүн комиссия түздү

Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге сатылышын, алардын сапатын жана коопсуздугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Демилгени “Ынтымак – Мекенчил” депутаттык тобу көтөрүп, топтун жетекчиси Талант Мамытов тааныштырды. Комиссия энергетикалык суусундуктарды жана ден соолукка терс таасир этиши мүмкүн болгон азыктарды жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөлдүн

Ишкер Media
26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду

26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду

2026–2027-окуу жылына өткөрүлгөн конкурстук тандоонун жыйынтыгында 26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганада, алардын ичинен 14 стипендиат быйыл окуусун баштайт, дагы 12 жаран экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында билим алуусун улантат. Стипендия ээлери дүйнөнүн

Ишкер Media
DemirBank электромобилдерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет

DemirBank электромобилдерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет

Эми жаңы электромобилди сатып алуу дагы да оңой. Жылдык 17% пайыздык чен менен «Жашыл автокредит» алуу мүмкүнчүлүгү бар. "Жашыл автокредиттин" шарттары: * Кредиттин суммасы: 350 000 сомдон 17 500 000 сомго чейин * Кредиттин мөөнөтү: 6 айдан 60 айга чейин * Пайыздык чен: жылдык 17% * Баштапкы төлөм: 30%дан баштап Өзүңүзгө

Ишкер Media
Балык чарбалары үчүн тоют импорту боюнча маселе жаралууда

Балык чарбалары үчүн тоют импорту боюнча маселе жаралууда

Кыргызстандын Агрардык өндүрүш комплексин өнүктүрүү ассоциациясы балык чарбасына керектелүүчү тоюттарды импорттоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасына кайрылуу жолдоду. Ассоциациянын билдирүүсүндө - маселе балык өстүрүү тармагынын туруктуу иш үчүн маанилүү экени белгиленет. Тоюттарды жеткирүүнү кескин чектөө балык чарбаларында башталган өндүрүштүк циклдерге жана келишимдик милдеттенмелерди аткарууга тобокелдик жаратышы мүмкүндүгу айтылат. Ошол

Ишкер Media