Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Жалал-Абадга барат
![Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Жалал-Абадга барат](/content/images/size/w1200/2023/10/dos_0373.jpg)
Президент Садыр Жапаров 26-27-октябрда иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Мамлекет башчысы Жалал-Абад шаарынын күнүнө арналган иш-чараларга катышып, бир катар социалдык объекттердин курулушунун жүрүшү, ички жолдордун абалы, ошондой эле ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.
Майрамдык иш-чаралар - Аюб-Тоо тоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү (башталышы 14:10до) жана "Курманбек" стадионундагы майрамдык концерт (башталышы 18:30да) УТРК эфиринде жана социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.