Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү
7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги мүчөлүгүнө даярдыгына бурулду.
Тараптар БУУнун алкагында конструктивдүү кызматташтыкты улантууга даяр экенин ырасташты.