Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды
7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты.
Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова берди. Ал мыйзам долбоору онлайн-лотерея, санарип утуш жана бинардык опцияларды жөнгө салуу. аталган сфераларда мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү, алдамчылык тобокелдиктерин азайтуу, жарандардын укугун коргоого багытталгандыгын айтты. Башкача айтканда бинардык опциондор түрүндөгү кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынууда.