Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды
Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду.
Аталган кызматтан кабарлангандай, жолугушууда соода түйүндөрүнө жергиликтүү товарлар үчүн өзүнчө текчелерди бөлүп, "Кыргызстанда жасалган" деген тиешелүү белгилерди жайгаштыруу зарылдыгы белгиленди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү улантат.