Кыргыз-тажик чек арасынын 17.98 чакырымы макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасынын 17.98 чакырымы макулдашылды

2023-жылдын 1-8-ноябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Такталгандай, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17.98 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган тилкелер боюнча тиешелүү ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто тез жардам борборунун жаңы имараты курула баштады

Ошто тез жардам борборунун жаңы имараты курула баштады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана Ош шаарынын мэри Жанар Акаев 94 жыл мурда курулган тез жардам борборунун имаратындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш министрлиги билдиргендей, жаңы тез жардам борбору бардык заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу имарат болот. Анда медициналык кызматкерлер үчүн ыңгайлуу

Ишкерлерди колдоого багытталган жаңы кадамдар талкууланды

Ишкерлерди колдоого багытталган жаңы кадамдар талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланова Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү, бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды. Тараптар чакан жана орто ишкерликти

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн: