Ишкерлерди колдоого багытталган жаңы кадамдар талкууланды

Ишкерлерди колдоого багытталган жаңы кадамдар талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланова Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү, бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды.

Тараптар чакан жана орто ишкерликти колдоо институттарынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, Кепилдик фондунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз-жапон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору аркылуу ишкерлерди окутуу жана адистерди даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун соңунда Экономика жана коммерция министрлиги менен JICA чакан жана орто бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга, ишкердик чөйрөнү өнүктүрүүгө жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүнө багытталган стратегиялык өнөктөштүктү улантууга даяр экенин белгилешти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү