Нурдан Орунтаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Орунтаев буга чейин ИИМде иштеп, андан кийин баш кааланын вице-мэри болуп эмгектенген.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media