Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Парижге келди
![Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Парижге келди](/content/images/size/w1200/2023/11/400331577_811233947677908_3955654487378147845_n.jpg)
Президент Садыр Жапаров Парижге келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета саммитинин» ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат.
Мындан тышкары Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.