2023-жылдын 11-ноябрынан 17-ноябрына чейин Баткенде Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.
Топографиялык жумушчу топтор калган участоктордогу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты жана бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки отурумда улантууну чечишти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media