Тазабек Икрамов жарандарды милдеттүү түрдө шайлоого катыштырууну сунуштады

Тазабек Икрамов жарандарды милдеттүү түрдө шайлоого катыштырууну сунуштады

Тазабек Икрамов жарандарды милдеттүү түрдө шайлоого катыштырууну сунуштады. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Депутаттын демилгеси Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда каралды.

Икрамов белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдеттери КРнын жарандарынын шайлоолордо жана референдумдарда өз ыйгарым укуктарын түздөн-түз жүзөгө ашыруусун толук камсыздоо болуп саналат. Конституциялык мыйзамдын долбоору КР аймагында жашаган бардык жарандары, жүйөлүү себептери бар адамдарды кошпогондо КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга милдеттүү деген ченемди киргизүүнү сунуштайт.

Талкууда Жамиля Исаева жүйөлүү себептерди аныктоо маселесин көтөрүп, аларды мыйзам долбоорунда тактоо керектигин кошумчалады. Ал ошондой эле айып салуу жана өндүрүүнүн тартиби жана механизмдерине көңүл бурду. Депутат Жанарбек Акаев бул мыйзам долбоорун колдоп, жаштар өлкөдөгү шайлоого катышпай жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Монголия соода көлөмүн көбөйтүү маселелерин талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода көлөмүн көбөйтүү маселелерин талкуулашты

18-июнда Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча видеоконференция болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов, Монголиянын Экономика жана өнүгүү министрлигинин мамлекеттик катчысы Идэшийн Батхуу жетекчилик кылышты. Жолугушуунун

Инженер: 25 миң тургунду таза суу менен камсыздоо оңой болгон жок

Инженер: 25 миң тургунду таза суу менен камсыздоо оңой болгон жок

Ош облусунун Кара-Суу районундагы 12 айылды таза суу менен камсыздай турган "Отуз-Адыр" чакан долбоору соңуна чыгып калды. Жалпы баасы 541,7 миллион сомду түзгөн долбоордун алкагында суу алуучу жайлар, резервуарлар жана 150 чакырымга жакын суу түтүктөрү курулуп, 25 миңге жакын тургунду сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо

Адылбек Касымалиев: Маданият кызматкерлеринин айлыгы 100% көбөйдү

Адылбек Касымалиев: Маданият кызматкерлеринин айлыгы 100% көбөйдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү” эл аралык конференциясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка таянсак, МинКаб Төрагасы маданий өз ара аракеттенүү жана чыгармачыл индустрияларды колдоо бүгүнкү күндө гуманитардык күн тартибинен чыгып, улуттук өзгөчөлүктү, адам капиталын жана мамлекеттердин атаандаштыкка

Ноокат районунун акими жана Манас шаарынын мэри кызматтан бошотулду

Ноокат районунун акими жана Манас шаарынын мэри кызматтан бошотулду

Ош облусунун Ноокат районунун акими кызматынан Данияр Шейшеканов бошотулду. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, Д.Шейшекановдун ордуна Нурлан Керимкулов Ноокат районунун акими болуп дайындалды. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов да кызматынан бошотулду. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон