Акылбек Жапаров: 2030-жылга чейин ири суммадагы карызды төлөйбүз
![Акылбек Жапаров: 2030-жылга чейин ири суммадагы карызды төлөйбүз](/content/images/size/w1200/2023/11/655f09ec79c72.jpg)
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөнүн тышкы карызын төлөөдөгү иштерге токтолду.
Жапаров тышкы карыздан четтеп кете албаарын, учурда карыз төлөөнүн эң жогорку тепкичке жеткенин билдирди.
“2030-жылга чейин ири суммалардагы карызды төлөйбүз: 2023-ж. – 344 млн долл, 2024-ж. – 400 млн долл, 2025-ж. – 430 млн долл, 2026-ж. – 390 млн долл. Тышкы карыз боюнча мамлекеттик саясат өзгөрөт”, – деди ал.
Акылбек Жапаров 2024-жылдын республикалык бюджеттинде бюджеттик колдоонун алкагында келүүчү насыялар жана гранттар боюнча суммалар жок экендигин, өлкө өзүнүн булактарына таянаарын кошумчалады.