Кыргызстан менен Өзбекстан жарандыгы алмаштырууну каалагандардын санын такаташат

Кыргызстан менен Өзбекстан жарандыгы алмаштырууну каалагандардын санын такаташат

2023-жылдын 14-15-ноябрында Ферганада санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү Өзбекстандын жумушчу тобу менен жолушуту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандарды документтештирүү, КРнын жана Өзбекстандын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгуу боюнча кайрылууну каалаган жарандардын санын тактоо үчүн маалымат алмашуу, ошондой эле эки өлкөнүн чек арадагы калктуу конуштарынын резиденттердин документтерин ыкчам кароо сыяктуу маанилүү маселелерди талкуулашты.

Андан тышкары, калк менен жолугушуулар өткөрүлүп, сурамжылоо жүргүзүлүп, алгач жарандарга жарандыкка кабыл алуунун жана жарандыктан чыгуунун, каттоонун тартиби жана тартиби түшүндүрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндөгү жетишкендиктер КР менен Өзбекстандын ортосундагы калктын, өзгөчө чек ара аймактарынын тургундарынын жарандык жана документтештирүү маселелеринде ырааттуулукту жана кызматташтыкты жакшыртууга карай маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте автобуска жол кире төлөөнүн жаңы тартиби киргизилди

Бишкекте автобуска жол кире төлөөнүн жаңы тартиби киргизилди

1-июлдан тартып Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук транспортто заманбап электрондук төлөм ыкмаларын колдонуу менен жол кире төлөө системасы ишке кирет. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жүргүнчүлөр жол кирени “Тулпар” транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана “Элкарт”банктык карталары, QR-коддор, ошондой эле башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөй алышат. “Тулпар” транспорттук

Караколдогу саркынды сууларды тазалоочу объекттин курулушу 90%га аяктады

Караколдогу саркынды сууларды тазалоочу объекттин курулушу 90%га аяктады

Каракол шаарында жаңы канализациялык тазалоочу курулмалар 90%га курулуп бүттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Объекттин долбоордук кубаттуулугу суткасына 12 миң куб метрди түзөт. Бул шаардагы саркынды сууларды тазалоону камсыз кылып, Ысык-Көл көлүнүн биосфералык аймагын коргоого багытталган. Жаңы тазалоочу курулмаларда саркынды

ЭВФтин Швейцария добуш берүүчү өлкөлөр тобунун отуруму болду

ЭВФтин Швейцария добуш берүүчү өлкөлөр тобунун отуруму болду

КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары А.А. Козубеков Ташкент шаарында өткөн ЭВФтин Швейцария добуш берүүчү өлкөлөр тобунун отурумуна катышып келди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, отурумда ЭВФтин Швейцария тобуна катышкан өлкөлөрдүн экономикасына учурда таасирин тийгизип жаткан глобалдуу өзгөрүүлөргө, ошондой эле дүйнөлүк рынокто орун алып

Гүлчөдө 702 батирлүү турак жайдын курулушу башталды

Гүлчөдө 702 батирлүү турак жайдын курулушу башталды

Алай районундагы Гүлчө шаарында 702 батирге ылайыкталган "Хан-Теңири-8" турак жай комплексинин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 12 тогуз кабаттуу турак үй курулат. Анда 324 бир бөлмөлүү, 324 эки бөлмөлүү жана 54 үч бөлмөлүү батир каралган. Комплексте жашоочулар үчүн бардык