ЭВФтин Швейцария добуш берүүчү өлкөлөр тобунун отуруму болду
КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары А.А. Козубеков Ташкент шаарында өткөн ЭВФтин Швейцария добуш берүүчү өлкөлөр тобунун отурумуна катышып келди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, отурумда ЭВФтин Швейцария тобуна катышкан өлкөлөрдүн экономикасына учурда таасирин тийгизип жаткан глобалдуу өзгөрүүлөргө, ошондой эле дүйнөлүк рынокто орун алып турган туруксуздукка карабастан борбордук банктар тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын чаралары талкууланды.
Отурумдун алкагында, КРнын Улуттук банкынын өкүлдөрү Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Мартин Шлегель жетектеген швейцариялык кесиптештери менен жолугушуп, тараптар мындан ары да эки тараптуу кызматташууну улантуу, анын ичинде институционалдык өнүктүрүү маселелерин козгошкон.
